
Ош шаарындагы Манас-Ата аймактык башкармалыгынын аймагы аркылуу өткөн Жекелик каналынын корук аймагын мыйзамсыз курулуштардан жана тосмолордон бошотуу иштери жүрүүдө.
Мэрия билдиргендей, бул иштер калаа башчысы Жанар Акаевдин тапшырмасынан кийин ишке ашырыла баштады. Аталган иштер каналдын корук аймагын ачуу, жээктерди иретке келтирүү жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.