Биз социалдык тармакта

АКШ Африканын үч өлкөсүнө барган жарандарды кайра өлкөгө киргизүүгө убактылуу тыюу салды

АКШ бийлиги Африканын үч өлкөсүнө барып келген жарандардын өлкөгө кирүүсүнө убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө борборуна таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, акыркы 21 күн ичинде Конго, Уганда жана Түштүк Суданга барган жарандар кайра АКШга кире алышпайт. Мындай кадам эбола вирусунун жайылышына байланыштуу кабыл алынганы айтылды.

Мындай чектөө 30 күнгө киргизилди. Андан кийин АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө борбору бул чараны узартуу же жокко чыгаруу боюнча чечим кабыл алат.

Бирок аталган өлкөлөрдөн күчөтүлгөн текшерүүдөн өткөндөн кийин АКШнын жарандары жана грин-карт ээлери өлкөгө кире алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан