Биз социалдык тармакта

Чет өлкөлүк инвесторлорду алдап кетүүгө шектүүлөр кармалышты

УКМК чет өлкөлүк инвесторлорго карата өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык жасоого шектелип кыргызстандык К.Ж. жана А.К. аттуу жарандар кармалышканын билдирди.

Маалым болгондой, шектүүлөргө карата Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү менен кылмыш иши козголду. Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо, ошондой эле ушуга окшош башка фактыларды табуу боюнча зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Кармалгандардын бири өлкө башчысы Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыков экени айтылууда. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекованын жолдошу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан