Биз социалдык тармакта

Президент кайрадан басыла баштаган журналдын алгачкы саны колуна тийгенин айтты

"Ала-Тоо" журналы кайрадан басыла баштап, анын биринчи саны колума тийди",- деп билдирди президент Садыр Жапаров.
Өлкө башчы бийлик экономика тармагынан тышкары, маданиятка, анын ичинде адабиятка да көңүл бурууга аракеттенип жатканын белгиледи.
"Көп жылдар бою токтоп турган адабий журнал өз ишин жандантып, окурман журтчулугун кубандырып турган кези. Кудай буюрса, элибиздин тарых-таржымалы, тили, улуттук өзгөчөлүгү, маданияты, салт-санаасы тууралуу кызыктуу макалаларды жарыялоо менен мекендештерибиздин маданиятын, билимин, аң-сезимин арттырууда зор салым кошот деген үмүттөмүн.
Эми "Ала-Тоо" журналы кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө эле салымын кошпостон, агартуучулук багытта да чоң миссияны аркалап, руханий жардылыктан арылтып, жан дүйнөнү байытат, аң-сезимди тазартат",- деп жазды мамлекет башчы социалдык тармактагы баракчасына.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан