Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Биринчи радиого" курган маегинде шаарда жашыл аймактарды көбөйтүү боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.
Ал коомчулуктагы сындарга кошулбастыгын айтты.
"1 адамга норма боюнча 16 чарчы метр жашыл аймак туура келсе, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 4 чарчы метрге түшүп калган. Бул эми 1 же 2 жылда эле болгон жок. "Жол курууда бактарды кыйып жатат" деп эле ызылдап жатышпайбы. Бирок аны менен азайган жери жок. Мына, парктардын аймагы 2005-2010-жылдардагы чечимдер менен 2 эсе азайып кеткен. Биз жашыл аймактарды көбөйтүү саясатын жүргүзүп жатабыз. Мунун алкагында скверлерди түзүүдөбүз",- деди мэр.