Белгилүү футболчу Криштиану Роналду алгачкы жолу Сауд Арабиясынын чемпиону болду. Чабуулчу ойногон "Аль-Наср" клубу чемпиондуктун акыркы турунда "Дамак" клубун 4:1 эсебинде жеңди.
Бул беттеште Роналду 2 гол киргизип, чемпиондук оюндагы негизги каармандардын бири болду.
Сезондун жыйынтыгында "Аль-Наср" негизги атаандашы "Аль-Хилял" клубунан 2 упайга озуп, 7 жылдан кийин өлкө чемпиону наамын кайра кайтарды.
Бул трофей Роналду үчүн 2023-жылдын башында саудиялык клубга өткөндөн берки алгачкы расмий титул болду. Буга чейин команда Араб чемпиондорунун кубогун жеңген, бирок ал турнир расмий макамга ээ эмес болчу.