Ички иштер министрлиги мектептердеги Акыркы коңгуроого байланыштуу жаратылышы кооз аймактарда көзөмөл күчөтүлөрүн билдирди.
Маалымдалгандай, Акыркы коңгуроо күнү, ага чейин жана андан кийинки күндөрү дагы жаратылышы кооз аймактар, кафе-ресторандар, түнкү клубдар, көлдөр, суу жээктери, унаа жолдору милиция тарабынан көзөмөлгө алынат.
Министрлик мектеп жетекчилерин, ата-энелерди жана бүтүрүүчүлөрдү мыйзам талаптарын так сактоого жана балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырды.