Жалал-Абад шаарында З.Нурматова атындагы кыргыз-түрк кыздар лицейинде өрт чыкты. Бул туурасында Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 28-январда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган лицейдин эс алуучу жайынын 31 чарчы метр, спорт залынын 15 чарчы метр чатыры күйгөн. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себептери такталууда. Жабыркагандар болгон жок.