Биз социалдык тармакта

Адылбек Касымалиев Түркмөнстандын президенти менен жолугушту

Бүгүн, 22-майда өкмөт башчы Адылбек Касымалиев жумушчу сапарынын алкагында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын күн тартибиндеги бир катар актуалдуу маселелер талкууланды.

Өзгөчө соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле энергетика жана транспорт тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого көңүл бурулду.

Мындан тышкары, өкмөт башчы президент Садыр Жапаровдун саламын жана каалоолорун жеткирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан