Биз социалдык тармакта

Ошто 15 гектар аянтка эң чоң сейил бак курулууда (видео)

Ош шаарында 15 гектар жерге эң чоң сейил бак курулууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда мэриянын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалым болгондой, шаар башчысы Жанар Акаев шаардын Ак-Буура дарыясынын жээгине салынып жаткан парктын абалы менен таанышты.
"Аталган сейил бактын курулушу бир ай мурда башталды. Ал Исанов көчөсүнөн баштап Бахапова көчөсүндөгү көпүрөгө чейин жалпы 10 гектарды ээлеген аянтка курулууда. Сейил бак заманбап болуп курулуп, тургундарга бардык шарт каралат. Ошондой эле анын аймагына жайкы театр да курулуп жатат. Учурда объектте 30дан ашык техника иштеп, таман таш төшөө, дарактарды иретке келтирүү, жерди асфальтка даярдоо иштери жүрүүдө",- деп белгиленди маалыматта.
Ошто 15 гектар аянтты ээлеген эң чоң сейил бак курулууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан