
Азия футбол конфедерациясынын (АФК) клубдук мелдештерине өлкө атынан "Дордой" футбол клубу катышат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалымдалгандай, өлкөнүн былтыркы чемпиондугун Каракол шаарындагы "Барс" клубу уткан. Деген менен клуб 2024-жылдын декабрында түзүлгөндүктөн АФК турнирине катыша албайт. Анткени лицензия алуу үчүн клуб расмий улуттук мелдештерге кеминде эки сезон катары менен катышышы керек.
Андыктан АФКнын чакырык лигасында өлкө намысын "Дордой" коргойт. Клуб 2025-жылы Кыргызстандын Кубогун жеңип алган.