Бишкек шаардык милициясы дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы Арай Турарова изделип жатканын кабарлады.
Маалымдалгандай, ал 21-май күнү болжол менен саат 19:30 чамасында ал Арча-Бешик конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес. Бою 145–150 сантиметр, арык, кара тору, чачы узун. Ал ак түстөгү футболка, кара түстөгү шорта, ак түстөгү бут кийим кийген.
Калаа милициясы көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш номурлары: 0 (312) 35-29-47, 0 (312) 35-12-70, 0 (224) 214-346.