Бангладеште АКШнын президенти Дональд Трамптын аты менен аталган буйволду мусулмандардын Курман айт майрамында союу пландалууда.
Чет элдик басылмалар жазгандай, чач жасалгасы да америкалык лидерге окшоштурулган буйвол Бангладештин борбор шаарына жакын жердеги фермада кармалат. Аны көрүү үчүн өлкөнүн бардык аймактарынан адамдар келип турушат.