Таласта көк бөрү боюнча Жеңиш кубогу өтүүдө. Анын алкагында Казакстандын "Чымкент" командасы менен "Талас" курамасы жолдоштук беттеш өткөрүштү.
23 жашка чейинкилерден куралган командалардын таймашы 3:10 эсебинде "Таластын" пайдасына чечилди. Жыйындыгында жеңүүчүлөргө 3 миң доллар, ал эми казакстандыктарга 2 миң доллар берилди.