Тайырбек Жумашбек уулу былтыр өткөн Азия чемпиондугунун коло медалынын ээси болду. Бул тууралуу Күрөш федерациясы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, эркин күрөштүн 65 килограмм салмак чениндеги жыйынтыгы кайра каралып чыккан. Натыйжада монголиялык балбандын допинг эрежелерин бузганы аныкталып, ал четтетилген. Мындан улам анын күмүш медалы 3-орунду алган Түндүк Кореянын балбанына берилсе, коло байге Жумашбек уулуну тийген.