Бишкектин Ала-Тоо аянтында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата артка санак жүргүзгөн электрондук такта орнотулду.
Министрлер кабинети кабарлагандай, кечээ, 23-майда өкмөт башчынын орун басары Улан Маматканов тактанын санакты баштоосуна старт берген. Электрондук такта Көчмөндөр оюндарынын баштала турган датасын утурлай артка санак жүргүзөт.