Мурдагы баш прокурор Аида Салянова Кыргыз шахмат союзунун президенти болуп шайланды.
Аталган союз тараткан маалыматта айтылгандай, мындай чечим кечээ, 23-майда бирикменин жалпы чогулушунда кабыл алынган.
Айта кетсек, Кыргыз шахмат союзун буга чейин Бабур Төлбаев жетектеп келген.