Биз социалдык тармакта

АКШ менен Иран ок атышууну 60 күнгө узартышы мүмкүн

АКШ менен Иран жакында кол коюшу мүмкүн болгон меморандум ок атышууну 60 күнгө узартууну карайт. Бул тууралуу Axios маалымат каражаты булактарына шилтеме берип жазды.

Маалыматта ошондой эле Иран бул 60 күндүн ичинде Ормуз кысыгы аркылуу транзитти калыбына келтирери күтүлүп жатканы айтылат. АКШ өз кезегинде бул мезгилде Ирандан чыгып жаткан мунай танкерлерин кармабайт.

Планга ылайык, тараптар кошумча 60 күндү эң олуттуу пикир келишпестиктерди чечүү үчүн колдонушат. Атап айтканда, алар Ирандын өзөктүк маселеси боюнча жалпы мамиле таба элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан