Биз социалдык тармакта

Президент Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкты текшерди  

Өлкө башчы Садыр Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги бөлүгү өтө турган Ысык-Көл районундагы жана Кырчын жайлоосундагы инфратүзүмдүк жактан даярдык иштерин текшерди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Маалымдалгандай, мамлекет башчы салынып жаткан айланма жолдон жана ички жолдорду оңдоп-түзөө иштеринен кабар алып, көчмөндөр оюндары өтө турган объектилерди көрүп чыкты.
"Ошондой эле президент Ысык-Көл акваториясын кыдырып, өзүнүн тапшырмасы менен узак убакыттан бери жүргүзүлүп келген көлдөгү браконьерлик менен күрөшүү иштеринин жыйынтыгына көңүл бурду. Жетишилген ийгиликтер менен кошо көлгө салынган балык торлору, ошондой эле ар кандай таштандылар дагы деле чыгып жаткандыгын баса белгиледи. Садыр Жапаровдун бул пландан тышкаркы текшерүүсүнүн жыйынтыгында министрлик жана ведомстволорго тийиштүү тапшырмалар берилмекчи", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан