Биз социалдык тармакта

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу 6 ай ачык болот (видео)

Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолу жол июнь айынан ноябрь айына чейин ачык болот. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Мекеменин маалыматы боюнча, министр Талантбек Солтобаев жерине барып, жолду сезондук пайдаланууга даярдоо иштеринин жүрүшүн текшерди. Анын алкагында министр жол оңдоо ишканалары жайгаша турган жерлерди аныктап, үч аймакта тиешелүү объекттерди тез арада куруу тапшырмасын койду. Ошондой эле жол коопсуздугун камсыздоо максатында таяныч дубалдарын куруу, эстакадалык көпүрөлөрдү жарыктандыруу маселелерин чечүү, жолго түшкөн таштарды тазалоо жана жолду 1-июнга карата ачылышка толук даярдоо боюнча милдеттер жүктөлдү.
Министрлик айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого, ылдамдыкты ашырбоого жана коопсуздук талаптарына жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.
Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолу 6 ай ачык болот
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан