Сокулук районунда адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул туурасында Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 25-январь күнү саат 08:30дар чамасында Военно-Антоновка айылындагы турак үйлөрдүн биринен жашы 30-35тер чамасындагы киши колдуу болуп өлгөн адамдын жансыз денеси табылган. Бул факты боюнча Сокулук райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97 (адам өлтүрүү) беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн оперативдүү иштердин негизинде Л.Е. аттуу аял кылмышка шектелип кармалды. Ал маркум менен бирге жашап турган жана экөө арак ичип, анан уруша кетишкен. Ошол учурда кылмышка шектүү маркумду жон тарапка бычак менен сайып салган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.