Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда маунтинбайк боюнча чемпиондук башталды

24-майда Аламүдүн районунун Орто-Сай айылында маунтинбайк боюнча Кыргызстандын ачык чемпиондугу башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, чемпиондук эл аралык велоспорт федерациясы - USI'нин алкагында уюштурулуп, ага жалпы 50гө жакын спортчу катышууда. Мелдештин жыйынтыгында спортчуларга эл аралык рейтинг үчүн упайлар ыйгарылат.
Аталган мелдеш кросс-кантри жана даунхилл дисциплиналары боюнча өтүп, "Жеңиш" олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучуларынан беш улан жана эки кыз катышууда.
Ошондой эле Балыкчы шаарынан келген спортчулар жана Казакстан, Чехия, Голландия, Англия мамлекеттеринен келген чет элдик коноктор күч сынашууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан