Биз социалдык тармакта

АКШ менен Иран ымалага келе баштагандан кийин мунайдын баасы төмөндөдү 

АКШ менен Иран тынчтык келишимине жакындап калганы тууралуу маалыматтардан кийин дүйнөдө мунайдын баасы төмөндөй баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Акыркы маалыматтар боюнча, учурда Brent үлгүсүндөгү мунайдын баасы 4,87 пайызга арзандап, бир баррели 98,49 долларды түзгөн. Мындан тышкары, Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамдары да жандана баштаган.

Ирандын ЖМКлары акыркы сутка ичинде Ормуз кысыгы аркылуу 33 кеме, анын ичинде мунай танкерлери жана контейнер ташуучу кемелер өткөнүн жазышкан.

Буга чейин чет элдик басылмалар АКШ менен Иран жакында кол коюшу мүмкүн болгон меморандум ок атышууну 60 күнгө узартууну карай турганын жазышкан.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан