Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селге байланыштуу Манас шаарында өзгөчө кырдаал режими жарыяланганын билдирди.
24-майдагы жаандан кийин шаардагы 32 турак үйдүн короосун суу каптап, 4 үйдүн ичине жана 1 үйдүн жер төлөсүнө суу кирген. Ошондой эле 7 көп кабаттуу турак үйдүн короолорун жана жер төлөлөрүн сел суулары каптаган.
Селдин кесепеттерин жоюу иштерине жалпы 217 адам тартылды.