Эбола илдетин жуктуруп алууга шектелгендердин саны 900дөн ашты
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эбола вирусуна байланыштуу жаңы маалыматтарды жарыялап, ооруну жуктуруп алууга шектелгендердин саны 900дөн ашканын билдирди. Бул тууралуу уюмдун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус Х социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
Андагы маалыматка ылайык, учурда 900дөн ашык күмөндүү адам катталса, анын 101инен оору расмий тастыкталган.
Мындан тышкары, Гебрейесус оору менен күрөшүү Конго Демократиялык Республикасында татаал болуп жатканын белгилеген. Анын айтымында, көтөрүлүшчүлөр менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосундагы куралдуу кагылышуулар кырдаалды жөнгө салууга тоскоол болууда.
Маалымат үчүн:
Эбола - өтө кооптуу вирустук инфекция болуп эсептелет. Бул вирус биринчи жолу 1976-жылы Африкада, Конго Демократиялык Республикасында жана Судан аймактарында катталган. Оорунун табигый булагы катары жарганаттар, маймылдар саналат. Вирус аталган жаныбарлар аркылуу адамга жугушу мүмкүн. Ал эми адамдан адамга кан, дене суюктуктары же булганган буюмдар аркылуу өтөт. Мындан улам оорулуу адам менен жакын байланышта болуу коркунучтуу.