Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызмат берген маалыматка ылайык укук коргоо органдары тарабынан “Мигрант” операциясы жүргүзүлгөн. Тамга айылынын мурда соттолгон 34 жаштагы тургуну жөнүндө маалымат түшүп, анын үйүндө тинтүү иштери башталган. Натыйжада 3,5 килограмм маңзат табылган. Ал баңгизатын өзү колдонуу үчүн сактап жүргөнүн айткан. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга жеткирилип, иликтөө иштери жүрүүдө.