"Ката кетирүүгө жол жок". Трамп Иран боюнча шашпай чечим чыгаруу керектигин айтты
АКШнын президенти Дональд Трамп АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөр конструктивдүү жүрүп жатканын, бирок эки тарап тең шашпай чечим чыгаруу керектигин билдирди. Бул тууралуу Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жазган.
Анда АКШнын лидери өзүнүн өкүлдөрүнө Иран менен келишим түзүүгө шашылбоону жана ката кетирүүгө жол жок экенин белгилеген.
"Мен өз өкүлдөрүмө келишимге шашылбоону жана убакыт биздин пайдабызда экенин айттым. Эки тарап тең шашпай, баарын туура кылышы керек. Ката кетирүүгө жол жок",- деген Трамп.
Ошондой эле ал Ормуз кысыгындагы блокада келишимге кол коюлганга чейин күчүндө боло турганын кошумчалаган.