Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги президенттик стипендияга документтерди кабыл алуу башталганын маалымдады.
Документтер ушул жылдын 1-августуна чейин кабыл алынат.
Президенттик стипендияга сынактык негизде төмөнкү студенттер катыша алышат:
- бакалаврларды даярдоо программаларынын 3-курсунда окугандар (окуу мөөнөтү 4 жыл болгон учурда);
- адистерди даярдоо программаларынын 3-4-курстарында окугандар (окуу мөөнөтү 5 жыл жана андан көп болгон учурда).
Талапкерлердин тизмеси жана тиешелүү документтер жогорку кесиптик билим берүү уюму тарабынан коштомо кат менен Илим министрлигине жөнөтүлөт.
Тандоонун негизги критерийлери, керектүү документтер бул шилтемеде.