Биз социалдык тармакта

Нарында мыйзамсыз курал сатууга шектелген жаран кармалды

Нарын шаарында мыйзамсыз курал сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 25-майда облус милициясы билдирди.
23-майда милицияга шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде белгисиз жарандар мыйзамсыз ок атуучу курал-жарактарды сатып жатышкандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгү (Ок атуучу куралды (аңчылык сайсыз куралды жака анын ок-дарыларын кошпогондо), ошого тете ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында 1972-жылы туулган К.С. аттуу жаран кармалган. Кароонун жүрүшүндө:
  • 4 даана сайлуу ок атуучу курал;
  • 2 даана сайсыз ок атуучу курал;
  • 347 даана майда калибрлүү патрон;
  • 6 даана ок атуучу куралдын патрону;
  • 9 даана колдонулган гильза;
  • 4 даана куралдын кундагы (приклад) алынган. Учурда тергөө иштери улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан