Агартуу министрлиги социалдык тармактарда тарап жаткан “Күндөлүк” системинде бааларды оңдоп берүү боюнча маалыматтар жалган жана чагымчыл мүнөзгө ээ экендигин билдирди.
Мекеме тактагандай, “Күндөлүк” системиндеги бааларды сырттан өзгөртүү мүмкүн эмес.
"Жарандарды шектүү аккаунттарга ишенбөөгө, жеке маалыматтарын бөлүшпөөгө жана акча которбоого чакырабыз",- деп билдирди министрлик.