
2026-жылдын январь-март айларында Кыргызстан 152,8 тонна бал экспорттоду. Бул тууралуу 25-майда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, экспорттун жалпы көлөмү 37,3 миллион сомду түзүп, эң көп көлөмдө Өзбекстанга жөнөтүлгөн.
Кыргыз балы сапаты жана экологиялык тазалыгы менен чет өлкөлүк керектөөчүлөр арасында кызыгууну арттырууда.
"Бул көрсөткүч ата мекендик балдын тышкы рыноктогу суроо-талабы жогорулап жатканын жана кыргыз балчыларынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатканын айгинелейт",- деп жазылат маалыматта.