Намангандагы гүл фестивалына Кыргызстандан барган ак элечекчен апалар көрк кошушту (видео)
Өзбекстандын Наманган шаарында 65-Эл аралык гүл фестивалынын салтанаттуу ачылышы өттү. Фестивалга чет өлкөлүк делегациялар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана көптөгөн коноктор катышууда.
Иш-чарага Кыргызстандан барган делегация дагы катышып, ак элечек кийген апалар фестивалдын көркүнө көрк кошушту. Алардын улуттук образы жана кыргыз элинин каада-салтын чагылдырган көрүнүшү коноктордун өзгөчө көңүлүн бурду.
Намангандагы гүл фестивалына Кыргызстандан барган ак элечекчен апалар көрк кошту