Биз социалдык тармакта

Кыргыз окуучулары эл аралык олимпиадада 3 коло медаль утушту

Кыргызстандык окуучулар эл аралык European Mathematical Cup (Европалык математикалык кубок) олимпиадасында 3 коло медаль утуп алышты. Бул тууралуу 25-майда Агартуу министрлиги билдирди.
Коло байге жеңген окуучулардын тизмеси:
  • Нурайым Мухаматнабиева, 10-класстын окуучусу, "Акылман" президенттик лицейи;
  • Камила Алиярова, 10-класстын окуучусу, "Газпром Кыргызстан" мектеби.
  • Адилет Шакиралиев, Купуев академиясы.
Кыргызстан бул олимпиадага 2022-жылдан бери катышып келет. Азырынча өлкөнүн эсебинде 3 күмүш жана 5 коло медаль бар.
European Mathematical Cup эки категорияда (Junior жана Senior) өткөрүлөт. Катышуучуларга 4 сааттын ичинде алгебра, геометрия, комбинаторика жана сандар теориясы боюнча 4 маселе чечүү тапшырмасы берилет.
Маалымат үчүн: Бул олимпиаданы хорватиялык жаш таланттуу математиктер ассоциациясы уюштурган. Бул мелдеш 14 жылдан бери өткөрүлүп келет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан