Кечээ, 27-январда бокс боюнча жаштар курама командасынын машыктыруучусу Марат Шамаматов кабарлагандай, кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Таиландда өтүп жаткан жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун жарым финалына чыкты.
Маалыматка ылайык, мелдештин 27-январда орун алган чейрек финалында ал 56 килограмм салмакта таиланддык мушкер Пангсакон Ситтидет менен кез келип, атаандашын 3:0 эсебинде уткан. Эми мушкер жарым финалдык беттеш өткөрөт.