Биринчи айым Айгүл Жапарова бүгүн, 25-майда Акылман президенттик лицейи өткөргөн акыркы коңгуроо аземине катышты.
Маалыматка ылайык, салтанат Чолпон-Ата шаарында өтүп, ага лицейдин бүтүрүүчүлөрү, мугалимдер жана ата-энелер катышты. Биринчи айым өз сөзүндө Акылман лицейинде өлкөнүн жети дубанынан келген эң мыкты жана таланттуу окуучулар билим алып жатканын белгиледи.
“Кайсы доорду албайлы, коомдун өнүгүүсү билим жана тарбия менен байланыштуу. Ири ийгиликтерге да дал ушул билим аркылуу жетүүгө болот”, - деди Айгүл Жапарова.
Ошондой эле ал бүтүрүүчүлөрдү окууну ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, алардын келечектеги максаттарына жана чоң жеңиштерге жетишине тилектештигин билдирди.