ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгы билдиргендей, кар көчкүдөн улам жабылган Каракол-Эңилчек унаа жолу ачылды.
Билдирүүгө караганда, аталган унаа жолдун 84-чакырымында 25-майда саат 17:00 чамасында кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган. Андан жабыркагандар катталган жок.
Жеринде тазалоо иши жүргүзүлүп, жол саат 22:55де эки тараптуу ачылган.