Биз социалдык тармакта

Америкалык аскерлер Ирандын түштүгүнө сокку урганы айтылды 

АКШнын куралдуу күчтөрү Ирандагы Ормуз кысыгына жакын аймактагы объекттерге сокку урду. Бул тууралуу америкалык басылмаларга таянуу менен чет элдик ЖМКлар жазышты.

Маалыматка ылайык, АКШ тарап бул аракеттер өзүн-өзү коргоо максатында жана америкалык аскер кызматкерлерин Ирандын куралдуу күчтөрүнөн келип чыккан коркунучтардан сактоо үчүн жасалганын билдирген.

Айрым чет элдик басылмалар сокку Ормуз кысыгына жакын жердеги Бендер-Аббас аймагына жасалганын жазышууда.

Белгилей кетсек, акыркы күндөрү АКШ менен Иран ок атышууну токтотууну 60 күнгө узартууну талкуулап жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан