Биз социалдык тармакта

Ошто ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген юрист кармалды

Ошто ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү жаран Б.У. аттуу тургундун Ноокен районунда жана Кызыл-Кыя шаарында жүргүзүлүп жаткан тергөө иштерин оң жагына чечип берүүнү убада кылып, андан 2 миллион 784 миң сом өлчөмүндө акча алган.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын негизинде Ош шаарынын 1993-жылы туулган М.А. аттуу тургуну кармалган.
Ал өзүн жактоочунун жардамчысы катары тааныштырган. Иш жүзүндө ишканалардын биринде юрист болуп иштегендиги такталды. Учурда тергөө иштери улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан