Иран бийлиги АКШнын соккусунан кийин мунайдын баасын 200 долларга чейин көтөрүүнү пландап жатканын эскертти. Бул тууралуу Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Эбрагим Зольфагари X социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
"АКШ өкмөтү бир нече жолу күч тилин гана түшүнөрүн көрсөттү. Мунайдын баасы баррелине 200 долларга чейин көтөрүлүшүнө даяр болгула",- деп жазды ал.
Белгилей кетсек, 26-майга караган түнү АКШнын Куралдуу күчтөрү Ирандын түштүгүнө сокку урганы айтылган болчу.