25-майда Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда жүк ташуучу унаа галереяга батпай калып, жол тыгыны жаралган. Бул тууралуу Чүй облустук Жол милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, жерине жол тескөөчүлөр барышып, жол тыгындарын алдын алуу иштери жүргүзүлгөн.
"Азыркы учурда "Сосновка" постунда жүк ташуучу унааларга чектөөлөр маал-маалы менен киргизилип жатат",- деп айтылды маалыматта.