Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Киевдеги аскердик жана башкаруу объекттерине жаңы соккулар жасаларын билдирип, чет элдик жарандарды шаардан чыгып кетүүгө чакырды. Бул билдирүү Украина тарабынан Лугансктын Старобельск шаарындагы жатаканага сокку урулгандан кийин айтылганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Орусиянын маалыматына караганда, аталган чабуулдан 21 адам каза болгон. Ал эми Украина бул сокку Орусия армиясынын штабына багытталганын билдирген. Ал эми 24-майда Орусия тараптан Киевге жасалган массалык чабуулдан төрт адам каза болуп, 100гө жакын киши жаракат алды.