Америкалык миллиардер, Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск Х социалдык тармагындагы баракчасына билдирүү калтырып, Кыргызстан жөнүндө жазды.
Анда ал Кыргызстан эми дүйнөнүн эң ири спутниктик интернет тармагына кошулган өлкөлөрдүн катарында экенин билдирди.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын улуттук байланыш оператору болгон "ЭлКат" компаниясы Starlink өлкөдө расмий түрдө ишке киргизилгенин жарыялап, бул тарыхый окуя экенин белгиледи.