Белгилүү травматолог Сабырбек Жумабеков 20 жылдан бери баспаган тажикстандык кыргыз аялга операция жасап, бутуна тургузду. Бул тууралуу травматолог өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялады.
Видеодон Жумабеков менен аялдын басып баратканын көрүүгө болот. Анда дарыгер булчуңдарды калыбына келтирүү үчүн күн сайын 1 чакырым жөө басуу кеңешин берди.