Курман айт майрамында коомдук тартипти камсыздоого 10 миңден ашык милиция кызматкери тартылат. Бул тууралуу 26-майда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул күнү милиция кызматкерлери мечиттерде, эл көп чогулган жайларда жана башка коомдук жайларда коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл бурушат.
Эске салсак, быйыл Курман айт майрамы эртең, 27-майда белгиленет.