АКШнын президенти Дональд Трамп Иранда байытылган уран АКШга өткөрүлүүгө же эл аралык көзөмөл астында жок кылынууга тийиш экенин билдирди. Ал мындай билдирүүсүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
"Байытылган уран АКШга өткөрүлүп, бул жакта жок кылынуусу керек же болбосо жеринде атомдук комиссиянын катышуусунда жок кылынуусу зарыл",- деп жазган ал.
Бул маселе АКШ жана Израил менен Ирандын ортосундагы чыңалууну жөнгө салуу боюнча жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн алкагында талкууланууда. Азыркы учурда Иранда бар деп айтылып жаткан болжол менен 400 килограмм байытылган урандын тагдыры негизги маселелердин бири болуп турат.