Биз социалдык тармакта

Бишкекте октябрга чейин оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилди

1-октябрга чейин Бишкек шаарындагы унаа жолдорунда салмагы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу 26-майда шаардын Муниципалдык инспекциясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чектөө абанын күндүзгү температурасы +28 градус жана андан жогору болгон учурда саат 09:00дөн 19:00гө чейин киргизилет.

Белгиленгендей, бул чектөө тез бузулуучу азык-түлүктөрдү жана гуманитардык жардамдарды ташыган, шаар мэриясы тарабынан жол куруу иштерине тартылган, ошондой эле муниципалдык тапшырмаларды аткарган унааларга колдонулбайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан