Ош шаарында жарандык коргонуу комиссиясынын жыйыны өтүп, сел жана суу каптоо коркунучтарын алдын алуу маселеси талкууланды.
Шаар мэриясынан билдиришкендей, жазгы жаан-чачындарга байланыштуу айрым аймактарда жер төлөлөрдү суу каптоо учурлары катталып жатканы айтылды.
Шаардык мэрия тиешелүү кызматтарга кооптуу аймактарды көзөмөлдөөнү күчөтүү, арык-каналдарды тазалоо жана ички ирригациялык тармактарды калыбына келтирүү боюнча тапшырма берди.
Өзгөчө кырдаалдар кызматтары “жогорку даярдык” режимине өткөрүлүп, 200гө жакын куткаруучу жана техникалык топтор күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.