Биз социалдык тармакта

Садовое айылындагы уруксатсыз курулуш аныкталып, 200 миң сом айып пул салынды

Чүй облусунун Москва районунун Садовое айылында Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө таунхаус курулушу тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз жүрүп жатканы аныкталды.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, бул аракет “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдын талаптарын бузуу болуп эсептелет.

Мыйзам бузуу боюнча курулуш жүргүзгөн тарапка жазуу түрүндө эскертүү берилип, тиешелүү акт түзүлдү. Ошондой эле 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Департамент курулуш иштерин жүргүзгөн бардык жарандарды жана уюмдарды мыйзам талаптарын так сактоого чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан