Буга чейин изделип жаткан өспүрүмдөр – 2009-жылы туулган Айданек Дуйшоева жана 2011-жылы туулган Кристина Суханова – Бишкек шаарынан табылды.
Ленин РИИБинин маалыматына ылайык, ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кыздардын жүргөн жери аныкталган. Маалымат түшкөндөн кийин милиция кызматкерлери тарабынан издөө иштери дароо уюштурулуп, тиешелүү чаралар көрүлгөн.