Бүгүн, 27-майда президент Садыр Жапаров Курман айт майрамына карата окулган Айт намазына катышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Айт намазы Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта миңдеген кыргызстандыктардын катышуусунда окулду.